Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашты

 Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Сатывалдиев Асылбек Владимирович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Зарнаев Эрнисбек Жакшылыкович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Связанный пост