Жер мунапысына арыз кабыл алуу аяктап, 10,3 миң га жер мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу 1-июлда аяктады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Жер мунапысы жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт.
Программа башталгандан аяктаганга чейин республика боюнча жалпы 170 миң 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 миң 643 чечим кабыл алынган.
Учурда Жер агенттиги тарабынан төмөндөгүдөй документтер берилди:
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64 942 – мамлекеттик акты
- 43 278 техникалык паспорт.
Белгиленгендей, мунапыска алынган жалпы жер аянты – 10 338 гектарды түзөт.