Жер мунапысы: Ноокат районунун 103 жаранына жер документтери берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” Мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин # 291 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин атынан орун басары Эрнис Толтоев иш-чаранын мазмуунун белгилеп, КР Президентинин жарандардын мыйзамдаштырылбаган жер тилкелерин жер мунапысынын алкагында белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштыруу, тиешелүү документтерин даярдоо, мыйзамда жана токтомдо көрсөтүлгөн талаптарды так, туура аткарууну, мындан ары мыйзам талаптарын так сактоону айтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, архитектура, мамлекеттик каттоо органдарын ушул мыйзамдын алкагында берилген тапшырмаларды өз мөөнөттөрдө бүтүрүү тапшырмасын берилди.
Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Президенттинин Жарлыгын аткаруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Связанный пост