Жер кодексине кол коюлду

 Жер кодексине кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жер кодексине кол койду.

Аталган Кодекс Жогорку Кеңешитарабынан 2025-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Ушул Кодексте төмөнкүдөй ченемдер каралган:

– жер мыйзамдары чөйрөсүндөгү бардык ченемдик укуктук актыларды консолидациялоо;

– кенемтелерди, коллизияларды жана коррупциялык ченемдерди жоюу;

– айыл чарба жерлеринин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн пайдалануу чөйрөсүн так чектөө;

– мамлекеттик ипотекалык насыялоону, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана улуттук жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;

– жер участокторун алып коюунун, алмаштыруунун негиздүүлүгүн тактоо;

– жерлерди коргоого жана пайдаланууга контролду күчөтүү;

– жер комиссияларынын функцияларынын бирдейлиги;

– жана башка өзгөртүүлөр.

Ошону менен бирге мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, улуттук коопсуздук, энергиялык натыйжалуулукка жана энергияны үнөмдөөгө дем берүү, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрүү, темир жол жана анын инфраструктурасын куруу, шаардык жана айылдык райондордо суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жерлерди берүү, которуу (трансформациялоо) маселелерин кыйла ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдер каралган.

Связанный пост