Желим баштыктарга тыюу салынат: Дордойдо түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 Желим баштыктарга тыюу салынат: Дордойдо түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда бир жолу колдонулуучу пластик пакеттерди пайдаланууга мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Дордой базарында соодагерлерге пластик пакеттерди колдонууга тыюу салуунун максаты жана экологиялык мааниси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сатуучуларга эскертүү баракчалары таратылып, базардын администрациясына тиешелүү талаптар түшүндүрүлдү.

Иш-чара пластик калдыктарын азайтуу, калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында өткөрүлдү.

Связанный пост