“Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоорунун алкагында 3,4 млрд сомдон ашуун каржылык жардам көрсөтүлдү

Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган “Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоорунун биринчи фазасын жыйынтыктоо алдында, КР Финансы министринин орун басары Р. Татиков, министрликтин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Б.Мусакожоева менен каржылык көмөктүн көргөзүлүшү, анын максаттуу колдонулушу жана кайтарым байланышын бекемдөө максатында Чүй облусунун ишкерлери менен жеринен жолугушту. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти.

“Мен “Женский форум “Курак” коомдук бирикмесинин (“Курак” аялдар форуму” КБ) ишкерлери менен болгон баарлашууда мамлекеттен иш жүзүндө пайызсыз насыя алууга болоорун тастыктап беришти.

SUNSHINE  бала бакчасынын негиздөөчүсү Маргарита Байтикова – “Тийиштүү документтер менен банкка кайрылып, дароо эле бала бакчаны колдоо үчүн 3 млн сом насыя алдым. COVID-19дан кийин каражаттын баары педагогдордун маянасына кеткен эле. Мамлекет бөлүп берген каржылык оор абалдан сүйрөп чыкты. Аял ишкерлерди колдоо багытында иштер уланат деп үмүттөнөм”, — деди.

Жеке ишкер А.Салымбаев да мамлекеттин берген жардамына ыраазычылыгын билдирип, – “Айыл чарба жана курулуш жабдыктарын чыгарган чакан цехибизге Комерциялык банк аркылуу 1 млн сом насыя алып, аны “ковидден” кийин бизнести колдоого жумшадым. Мамлекеттин бул көмөгү тапшырыктарды жана ишкананын өндүрүш мүмкүндүгүн кеңейтүүгө шарт түздү. Бул чара насыялык тарыхы жакшы жана каражатты кайтара ала турган ак ниет ишкерлерге кредит алууга шарт түзөт”, — деди.

КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков долбоордун максаты чакан, кичи бизнести жана товар жүгүртүүсү аз ишкерлерди колдоого багытталганын белгиледи.  Жардам алгандардын 80 пайыздан көбү чакан ишкерлер, башкача айтканда жылдык айлантуусу 8 млн сомго жетпеген жеке жарандар. Эскерте кетсек пайызсыз насыялар 2022-жылдын февралынан баштап берилүүдө.

2023-жылдын май айына карата маалыматка ылайык, 6151 ишкерге жалпы көөлөмү 3,4 млрд сомдон ашуун каржылык жардам көрсөтүлгөн.

Связанный пост