Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү

Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы тартипке ылайык, лицензия алууга арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алып салынды.
Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги корутундуларды берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш алып барса, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги лицензиялоонун автоматташтырылган тутумун иштеп чыгууда.
Эми талаптарга жооп берген документтерди тапшырган жеке менчик мектеп ачуу демилгечилери лицензияны тез жана ыңгайлуу тартипте ала алышат. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн аппараттарына кайрылууга болот. Адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт.
Агартуу министрлиги ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке менчик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.
Белгиленгендей, министрлик “Башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү аркылуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” жана “Өкмөттүк акселераторлор жөнүндө” буйругун аткаруунун алкагында жеке менчик мектептерди лицензиялоо тартибин жеңилдетүү боюнча иштерди улантууда.