Жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргизилди

 Жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерлерди (ЖИ) онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди.

Ведомствонун маалыматына караганда, эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат.

Сервис төмөнкү операцияларды камтыйт:

  • юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
  • салыктык каттоо районун өзгөртүү;
  • салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
  • ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.

Мындан ары жеке ишкерлерге кайра каттоо үчүн салык органдарына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.

Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5–10 мүнөттү гана талап кылат.

Кызмат күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси толугу менен автоматташтырылган.

Белгилей кетсек, аталган сервис министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүн ичинде жүзөгө ашырылды.

Салык төлөөчүлөр бул сервис менен иштөө тууралуу Салык кызматынын YouTube каналында жайгаштырылган видеонускама аркылуу тааныша алышат.

Связанный пост