Жээнбек Кулубаев Лесото Падышалыгынын вице-премьер-министри менен жолукту

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лесото Падышалыгынын вице-премьер-министри Нтхоменг Мажара менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” аталышындагы эл аралык конференцияга катышуу үчүн Кыргызстанга келген.
Саламдашуу сөзүндө тышкы саясий мекеменин башчысы Вице-премьер-министрдин сапары Кыргызстан менен Лесото, ошондой эле жалпы африка континенти менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Кулубаев “2023–2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттер планын” тааныштырып, Лесотону аталган планды ишке ашырууга, анын ичинде 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык Тоо саммитине даярдык көрүү алкагында активдүү катышууга чакырды.
Лесотонун вице-премьер-министри жылуу кабыл алуу жана конференцияга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүгө кызыкдар экенин жана өзгөчө туруктуу өнүгүү менен эл аралык өнөктөштүктүн алкагында африкалык мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосунда кызматташууну жолго коюуга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Тараптар кыргыз-африка кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде айыл чарба, жеңил өнөр жай жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында тажрыйба жана технологияларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Ошондой эле көп тараптуу форматтардагы, анын ичинде БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери тууралуу өзүнчө пикир алушуу болду.
Жолугушуунун соңунда министр Кулубаев Мажарага иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Лесото менен өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө үмүт артарын белгиледи.