Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан түрк кызматташтык институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет
Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жаңы дайындалган башкы катчысы Рамиль Гасанды кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, ал Бишкекке расмий сапары менен келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев Рамиль Гасанды жаңы кызмат орду менен куттуктап, Кыргызстан түрк кызматташтыгынын институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, ал эми ТүркПА парламенттик дипломатиянын негизги аянтчасы катары маанилүү орун ээлерин белгиледи.
Министр ТүркПАнын байкоочу миссиясын Жогорку Кеңешке боло турган парламенттик шайлоолорду байкоого активдүү катышууга чакырып, бул иш-чаралар шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимин камсыздоого маанилүү салым кошорун белгиледи.
Өз кезегинде башкы катчы Рамиль Гасан Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, ТүркПАнын иш планы жана алдыда боло турган иш-чаралар, анын ичинде 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган 15-пленардык жыйын тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Ассамблеянын алкагында туруктуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын тастыкташты.