Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилди

 Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилди

Бүгүн Тажикстандын президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери көйгөй болуп келе жаткан чек ара маселеси чечилди. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишим жакын арада Жогоку Кеңештен ратификациядан өтөт, андан кийин ратификациялык грамота алмашуу болуп, суроого чекит коюлат.

“Тажикстан Республикасынын президентинин Кыргызстандагы бул мамлекеттик сапары бул биринчиден тарыхый визит. Эки мамлекет кошуна жашагандан кийин өз ара кызматташтык, бири-бири менен карым-катнаш достук мамиле бул боло турган табигый процесс. Бүгүнкү визиттин жыйынтыгы абдан жакшы болот деп турабыз. Чек арадан башка дагы 16 документке кол коюлду. Бул дагы эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык, экономикалык, маданий байланыштарды чыңдайт. Андан тышкары өлкөнүн ар бир багыттар мисалы, айыл чарба, транспорт, сууну колдонуу, билим берүү жана башка маанилүү тармактар боюнча документтерге кол коюлду. Бул эки мамлекеттин ортосундагы байланыштын бекемделишине чоң таасирин тийгизип, жардам берет”, – деди Жээнбек Кулубаев.

Связанный пост