Жээнбек Кулубаев Казакстандын президентинин кабыл алуусунда болду

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Тлкаевдин кабыл алуусунда болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Кулубаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Жолугушууда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланып, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору каралды. Эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошону менен бирге эки тараптуу актуалдуу маселелерди ырааттуу алга жылдырууда негизги ролду ойногон эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылчылыгына басым жасалды.

Связанный пост