Жээнбек Кулубаев Германиянын элчиси Моника Ленхард менен жолукту

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Моника Ленхардды жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, тараптардын биргелешкен күч-аракеттери аркылуу кыргыз-герман кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Маектин жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулардын мындан аркы ишке ашырылышына, ошондой эле транспорт, туризм жана экология жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле санкциялык чектөөлөр темасы талкууланды. Министр Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарып, Европа бирлигиндеги өнөктөштөр менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңешке шайлоого даярдыктын жүрүшүнө жана эл аралык байкоочулардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Моника Ленхард эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө, анын ичинде «Борбордук Азия – Германия» диалог аянтчасынын алкагында да активдүү салым кошууга даяр экенин билдирди.

Связанный пост