Жээнбек Кулубаев “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия” диалогуна катышты

Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия” аталышындагы стратегиялык диалогдун Тышкы иштер министрлеринин III жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Борбор Азия мамлекеттери жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен кызматташуунун негизги багыттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Ал акыркы жылдары Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттер кыйла жанданганын белгилеп, кыргыз тарап ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу региондор аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Жыйналыштын күн тартибине ылайык, тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын I cаммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулап, 2025-жылдын май айында өтө турган II cаммитке даярдыкты карашты.

Делегациялардын башчылары ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү чыңдоо маселелери, ошондой эле эл аралык жана регионалдык актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышты.

Связанный пост