Жээнбек Кулубаев “БА-КЭР” форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Алматы шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбор Азия – Кытай” форматынын тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз-ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты. Өндүрүш жана инвестиция, экономика жана соода, айыл чарба, транспорт, бажы, коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, билим берүү жана башка тармактарда кызматташуунун түзүлгөн механизмдеринин активдешүүсү белгиленди.

Аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелеринин күн тартиби боюнча пикир алмашуу болуп, Бириккен улуттар уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгү тууралуу айтылды.

Министрлер үстүбүздөгү жылы Астана шаарында өтө турган “Борбор Азия — Кытай” экинчи саммитине даярдык иштерине өзгөчө көңүл бурушту. Анда саммиттин күн тартибиндеги негизги маселелер, жолугушуунун мазмундук бөлүгү, кол коюла турган документтердин тизмеси жана Саммиттин алдында өткөрүлө турган иш-чаралар талкууланды.

Ошондой эле аталган форматтын Катчылыгынын ишин уюштуруу жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги боюнча маселелер өзүнчө каралды.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбор Азия — Кытай” форматы аталган чөлкөмдө ишенимди бекемдөөдө, ынак коңшулук мамилелерди жана өнүгүүнү чыңдоодо, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууда маанилүү механизм экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча сунуштары менен демилгелерин сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында учурдагы 6-жолугушуунун натыйжаларын камтыган Биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

Связанный пост