ЖЭБге көмүр ташуу 10 күнгө токтотулду

 ЖЭБге көмүр ташуу 10 күнгө токтотулду

ЖЭБге көмүр ташуу убактылуу 10 күнгө токтотулду. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, көмүр Балыкчыдан жүктөлүп, Чүй облусуна ташылып келүүдө.

“Бишкек ЖЭБинде 300 миңден ашык кара отун бар. Көмүр ташууну 10 күнгө токтотуп туруу тапшырылды. Калкка көмүр жетиштүү. Эл көмүр алганы биринчи кар түшкөндө барат. Биз август айынан бери эле көмүрдү сатып алууга чакырганбыз. Кенден көмүрдү 2500 сомдон жүктөсөк, айдоочулар шаарга келип 8 миңге сатып жатат.

Бир каттаганда 60-90 миң сом пайда көрүп жатышат.

Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасы 5800дөн сатып жатат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы койгон баа менен сатууга көзөмөл жүргүзүлүүдө”, деди энергетика министри.

Связанный пост