ЖЭБди калыбына келтирүү. Курулуш калдыктары дээрлик тазаланып бүттү

 ЖЭБди калыбына келтирүү. Курулуш калдыктары дээрлик тазаланып бүттү

Бишкек ЖЭБдин аймагын авариядан кийинки курулуш калдыктарынан тазалоо иши 95% аяктады.

 

Ыкчам штабдын маалыматына караганда, имаратты жылуулоо 65%га бүткөрүлдү.

 

Жалпы кызматкерлердин коопсуздугу жана ден соолугу тыкыр көзөмөлгө алынып, тамак-аш менен камсыздалууда.

 

Бүгүн саат 18:30гө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды.

Связанный пост