“Жашыл мурас”. Жыл башынан бери 400 миңге жакын көчөт отургузулду

 “Жашыл мурас”. Жыл башынан бери 400 миңге жакын көчөт отургузулду

Кыргызстанда жаз айларында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу боюнча 32 иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул иштердин жүрүшүндө 359 миң 803 даана бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.

 

Акция Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Токой кызматынын, КР президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн, министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн өздүк курамдарынын, экоактивисттердин, “Жердин балдары” жаштар уюмунун, эл-аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана “Кумтор Голд компани” ЖАКтын катышуусу менен өттү.

 

2024-жылдын 6-июнуна карата республика боюнча мамлекеттик токой фондусунун аймагына токой чарбалардын күчү менен 1 608 га жерге экме токой түзүлүп, экме токойго 650 миң 896 даана кɵчɵттөр отургузулду жана 5 миң 208 кг токой үрɵндɵрү себилди.

 

Токой чарбалар калктуу конуштарга жашылдандырууга отургузуу үчүн бардыгы 466 миң 775 даана кɵчɵт материалдарын сатышты, анын ичинен: шаарларга 4 миң 80, айыл өкмөттөргө 110 миң 185, юридикалык жактарга 193 миң 114 даана жана жеке жактарга 159 миң 396 даана.

Связанный пост