“Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында шаардык мекеме-ишканаларда көрктөндүрүү жүрүп жатат
Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн, Ж. Коңурбаева атындагы шаардык борборлоштурулган китепканасынын жана #2-Чебурашка балдар бакчасындагы көрктөндүрүү иштери башка мекемелердин жетекчилерине үлгү катары тааныштырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин тапшырмасына ылайык шаардагы баардык мекеме-ишканаларда ” Жашыл мурас” улуттук долбоору ишке ашырылууда.
Мекемелердин айланасы жашылдандырылып, жарыктандырылып, көрктөндүрүлүүдө.
Аракеттери үлгү катары көрсөтүлгөн аталган мекемелерде аркандай материалдарды, буюмдарды чыгармачылык менен пайдаланып кооздук жараткан жана жагымдуу жагдай жаратышкандыгы белгиленди.
Семинарга калаа башчысы Канболот Тутуев да катышып, шаардагы мекеме-ишкана башчыларына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу менен жетектеген мекеменин ички тышкы көрүнүшүн жакшыртып, шаардын ар тараптан өнүгүшүнө, көрктөнүшүнө салым кошкудай иш алып барууну колго алууну улантуу керектигин айтты.