Жаштар иштери боюнча эл аралык уюмдардын Координациялык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

 Жаштар иштери боюнча эл аралык уюмдардын Координациялык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү
Бүгүн Жаштар иштери боюнча эл аралык уюмдардын Координациялык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү, ага Кыргыз Республикасында жаштар саясатын алга жылдырууга колдоо көрсөткөн алдыңкы 18 эл аралык уюм катышууда.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов да өнөктөштөргө ушул жылдын экинчи жарым жылдыгына жана 2024-жылга карата пландарын сунуштады.
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Министрликтин ишине өз баасын берип, келечекте жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча пландарды толук колдошту.
Бул жолугушуу мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын ортосундагы жаштарды өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасындагы Жаштардын жашоо шартын жакшыртуу жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Биргелешкен аракеттер жана өнөктөштүк өлкөдөгү жаштар үчүн жагымдуу келечекке жетишүүгө багытталган.

Связанный пост