Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча бардык жетекчилердин ишине баа берилет

Алдыда жарым жылдын жыйынтыгы боюнча бардык жетекчилердин ишине баа берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, жигердүү, натыйжалуу жана эң башкысы биргелешип шайкеш иштөө бардык министрлер, жетекчилер үчүн абдан маанилүү.
“Саламаттык сактоо тармагында болгон окуя жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинде орун алган учурлар абдан жаман көрүнүш. Кандай жагдайлар болгону баарыңарга маалым. Мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек. Тийиштүү жетекчилерге президент тарабынан өз баасы берилди. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдардын жетекчилерине кайрылам, ар бир кызматкердин, мекеменин ишин жеке көзөмөлүңүздөргө алыңыздар. Ар бир шалаакылык, көңүл коштук элдин ишениминин азайышына жана мамлекеттик башкаруу системасынын кадыр-баркына шек келтирерин эсиниздерден чыгарбаңыздар. Мындай учурлар кайталанбашы керек”,- деди Касымалиев.
Ошондой эле минкаб башчысы саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге мурда өрт чыккан Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтунда тез арада оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.