Жарым жылдын ичинде жарандардан 2,5 миң жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн

 Жарым жылдын ичинде жарандардан 2,5 миң жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн
Жарым жыл ичинде борбор калаанын муниципалитетине жарандардан 2507 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар түшкөн.

Жарандардын арыздары жана сунуштары менен иштерди жакшыртуу максатында мэр, мэрдин биринчи орун басары, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча жана иш тартибинде жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 723 жаран кабыл алынган.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров өзгөчө актуалдуу маселелерди чечүү максатында аймакты жеке кыдырып, шаардын көйгөйлүү жерлерине, конуштарына барып, шаардыктар менен жеринде жолугушууларды өткөрүп турат.

2023-жылдын биринчи жарым жылында мэрияга жарандардын жазуу жүзүндөгү 2507 кайрылуусу келип түшкөн (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га аз).

Бардык кайрылуулар контролго алынып, 409 кайрылуу мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнө кароо үчүн жөнөтүлдү.

Жалпысынан 2385 контролдук кайрылуу каралды, алардын 122си аткарылууда.

Коомдук кабылдама аркылуу 867 адам оозеки консультация алды, ишеним телефону аркылуу – 628 шаар тургунуна консультация берилди.

Жарандардын кайрылууларынын негизги маселелери турак жай жана жер участокторун бөлүп берүү, жер талаштары, материалдык жардам көрсөтүү, турак жай-коммуналдык чарба маселелерин чечүү болгон.

 

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында турак жай жана жер тилкелерин берүү, турак жай-коммуналдык чарба, материалдык жардам көрсөтүү, жер талаштары, жолдорду куруу жана оңдоо, транспорт тармагы, кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу маселелери эң актуалдуу болду.

 

Кароонун жыйынтыгы менен 76 маселе толук канаттандырылды, 5 маселе жарым-жартылай канааттандырылды, 1895 маселе такталды, 409 маселе тиешелүү бөлүмдөрдүн кароосуна жөнөтүлдү.

Связанный пост