Жарым жылдын ичинде Бишкектин тургундары 11 млн сомго көрктөндүрүү эрежелерин бузушкан

6 ай ичинде жалпысынан 10 миллион тогуз жүз отуз миң сомдук 1043 мыйзам бузуу катталган.

Тартип бузгандардын жалпы санынан 480 шаар тургуну жана 563 ишкана.Борбордо мыйзам бузуулардын саны боюнча Биринчи май району алдыңкы орунда турат. Жалпысынан 2 949 000 сомго 299 факты аныкталган.

– Ленин району – 2 млн 958 миң 500 сомго 279 мыйзам бузуу;

– Октябрь району – 2 млн 994 миң 500 сомго 235 мыйзам бузуу;

– Свердлов району боюнча 230 мыйзам бузуу 2 млн 28 миң сомго.

Связанный пост