Жарым жылда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $5,7 млрд ашты

2025-жылдын январь-июль айларында тышкы жана өз ара сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда экспорттук жеткирүүлөрдүн 13,3%га жана импорттук түшүүлөрдүн 4,8%га төмөндөшү менен шартталган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Ошондой эле ал белгилегендей, соода жүгүртүүдө экспорт 17,2%ды, импорт 82,8%ды түздү. Алсак, 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 млрд 911,2 млн долларды түзүп, 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,2%га өстү. Экспорттук жеткирүүлөр 23,1%га кыскарды, ал эми импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 12,5%га өстү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия (65,6%) жана Казакстанга (32,2%) туура келген.
Өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода 33,6%ды, экспорт – 38%, импорт 32,7%ды түздү.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 5 млрд 753,2 млн долларды түзүп, 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 10,6 пайызга азайган. Республиканын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода – 66,4%, экспорт – 62%, импорт 67,3%ды түздү.