“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү жарандардын арыздарын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү, жана ошондой эле жарандык абалдын актыларын электрондук форматта мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү ишке киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү белгилеген өзгөртүүлөрдү караштырат.

Связанный пост