Жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу унаасын онлайн түрдө кайра каттай алышат

 Жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу унаасын онлайн түрдө кайра каттай алышат

Эми Кыргыз Республикасынын жарандары “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу унаасын онлайн түрдө кайра каттай алышат. Бул мүмкүнчүлүк кайра каттоо процессин бир топ ыңгайлуу кылып, жарандардын убактысын үнөмдөйт.

Унааны онлайн кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр керек:

  • “Түндүк” тиркемесинде катталуу;
  • эгерде үй-бүлөлүү болсо, унааны сатууга макулдук берүү үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жубайынын катталышы;
  • “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автотранспорттук кароодон өткөрүү. (Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик) Текшерүү мөөнөтү 30 күн.
  • Транспорт салыгын төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

Пилоттук долбоор бир жылдык мөөнөткө ишке киргизилген. Онлайн кайра каттоо долбоору ийгиликтүү ишке ашырылса, система үзгүлтүксүз ишке киргизилет.

МААНИЛҮҮ! Айыптар, туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча чектөөлөр жок болсо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар болбосо автоунааны онлайн кайра каттоо мүмкүн.

Связанный пост