Жапалакта жаңы ФАПтын курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Жапалак айылында жаңыдан салынып баштаган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштерин көрүп чыкты.
Бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тийешелүү кызматтарга милдеттендирди.
Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду.
Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү жана ага керектүү бардык жабдууларын орнотуу каралган.

Связанный пост