ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды

 ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.

Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.

Связанный пост