“Жалалабатгаз” коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту

 “Жалалабатгаз” коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту

“Жалалабатгаз” коммерциялык ишканаларга убактылуу газ берүүнү токтотту. Мекемеден билдиришкендей, аба ырайынын суукташына байланыштуу газдын басымы төмөндөп, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына газ жетпей жатат. Мындан улам “Жалалабатгаз” ишканасы шаардагы коммерциялык ишканаларга жана шаарга чектеш аймактардагы жер үйлөргө бүгүн, 13-декабрдан тартып убактылуу газ берүүнү токтотту.  Аталган ишканадан кошумчалашкандай, газдын басымы жогорулгандан кийин, газ берүү кайрадан уланат.

Связанный пост