Чүй облусунун Сокулук районуна акылдуу эсептегичтер орнотулду

 Чүй облусунун Сокулук районуна акылдуу эсептегичтер орнотулду

Чүй электр тармактар ишканасы кардарларга сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү жана сапатын жогорулатуу максатында бир катар иштерди алып барууда. Алсак, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында Чүй электр тармактар ишканасына 1700 даана акылдуу эсептегич бөлүнгөн.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери Чүй облусунун Сокулук районунда жүрдү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сокулук районундагы 66 миң турмуш-тиричилик абонентинин 15 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Акылдуу эсептегичтин башка эсептегичтен артыкчылыгы реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү ишкананын серверине автоматтык түрдө берет жана электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт. Андан тышкары абонентти аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул иштердин жүрүшү техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат .

Связанный пост