Жалал-Абадда жоокер асынып алгандыгы боюнча кылмыш иши козголду

16-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин №5 батальонунда кызмат өтөгөн жоокердин асынып алгандыгы кабарланган.
Жоокердин каза болгондугу тууралуу маалымат алгандан кийин Акыйкатчы институтунун Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аскер бөлүккө барып, мониторинг жүргүздү. Учурда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан аскер бөлүктө 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөп жатат.
Аскер бөлүгүнүн маалыматында, 16-июль күнү эртең мененки саат 5:30да Нарын облусунун Кочкор районунда 2005-жылы туулган Т.Б. аттуу жоокер өзүнүн куру менен командирдин кабинетиндеги жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алган абалда табылган. Ошол түндө ал прапорщик менен бирге нөөмөттө болгон. Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин каза тапкан жоокер газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.
Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, маркум кат калтырып кеткен, бирок институттун өкүлдөрү аны менен тааныша алышкан жок. Анткени Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Батальондун командиринин пикиринде, маркум катында чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган. Жоокер 21-апрелден тартып кызмат өтөп баштаган. Жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог ага көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, өзүнүн кабылдамасына олтургузган.
Аскер бөлүнгөндөгү жоокерлер маркум жоокер үч айлык кызматынын ичинде эч ким менен чатакташпаганын, аз сүйлөп, физикалык жактан чың болгонун айтышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокердин денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырып, Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментиндеги психологиялык климатты аныктоо үчүн кесипкөй психологдорду тартып, анонимдүү анкеталарды колдонуу керектигин белгиледи.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча сунуштарды камтыган кат жөнөтүлөрү айтылды.