Жалал-Абадда жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августта Жалал-Абад шаардык милициясына А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. аттуу кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган маалымат боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кечки саат 18:30 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилип берилген.
Аталган факты боюнча “Адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делип 1983-жылы туулган Х.С. аттуу жарандын өздүгү аныкталып кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.