Жалал-Абадда Кыргызстан жана Россия аймактарынын Достук паркы ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Кыргызстан жана Россия аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Акылбек Жапаров алгач Жалал-Абад шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, бул парк алдыда Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, эки өлкөнүн аймактарынын достугун, келечек муундардын байланышынын символу болооруна ишенерин билдирди.

“Эс алуу жайдын ачылышы бүгүн, 26-октябрда өткөрүлүп жатканы да бекеринен эмес. Бүгүн тарыхы терең, өзгөчө табиятка бай, меймандос эли менен айырмаланган, Кыргызстаныбыздын үчүнчү ири шаары – Жалал-Абад шаарынын күнү. Бул Достук паркы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп, көркүнө көрк кошот”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, акыркы жылдары Жалал-Абад шаары кайрадан жаңыланып, алгылыктуу жумуштар жасалып жатканына токтолду.

“2023-жылы өлкөнүн үчүнчү ири шаарына республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинде да өсүү байкалды. Мисалга алсак, шаардын казынасы 564,4 млн сомдон, 1 млрд 51 млн сомго чейин өстү. Шаарда ички жолдор оңдолуп, социалдык-экономикалык абал жакшырып, өндүрүштө өсүш жаралып, мамлекеттик объекттер курулуп, турак-жайлар салынып бир топ долбоорлор ишке ашырылууда. Баарыңыздарды дагы бир жолу Жалал-Абад шаарынын күнү жана “Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркынын” ачылышы менен чын дилимден куттуктайм!”, – деди минкаб төрагасы.

Өз кезегинде Россия делегациясын баштаган Россия президентинин администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын белгилеп, жаңы ачылган Достук паркы эки өлкөнүн өкүлдөрү гана эмес, ар түрдүү маданияттар жана муундар жолугушкан жерге айланышына ишенерин билдирди.

Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркынын жалпы аянты 8,2 гектарды түзөт. Паркта коомдук жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар, фонтандар, веложолдор, балдар аянтчалары, көркөм өнөр объектилери сыяктуу заманбап паркка тиешелүүнүн баарын кезиктирүүгө болот. Ошондой эле, бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрү отургузулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жана Россиянын аймактарынын Достук паркы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каржылоосунда курулду, бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2 млн доллар.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар жана коноктор катышты.

Связанный пост