Жалал-Абадда курулуп жаткан ипотекалык батирлер кезекке тургандардын санынан көп

 Жалал-Абадда курулуп жаткан ипотекалык батирлер кезекке тургандардын санынан көп

default

Жалал-Абад облусунда ипотекага турак-жай алууга кезекке тургандарга караганда, курулуп жаткан батирлердин саны көп. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева маалымдагандай, мында сунуш суроо-талапка караганда жогору.

Анын айтымында, эң көп 27 миңден ашык жаран МИК аркылуу батир алуу үчүн Бишкек шаарында кезекте турат.

“Бишкекте батир алуу үчүн кезекке тургандардын саны көп болгондуктан, борбордо 17 миңден ашык батир курулууда. Ал эми Жалал-Абад облусунда 11 миң 204 батир курулууда. Бирок, Жалал-Абадда кезекте анча жаран жок. Андан тышкары, Ысык-Көл облусунда 5 миңден ашык, Чүй облусунда 17 миңден ашык, Нарын облусунда 433, Таласта 319, Ош шаарында 4 миң 574, Ош облусунда 1 миң 325 жана Баткен облусунда 4 миңден ашык батир курулууда”,- деди МИКтин өкүлү.

Ал эми учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында турак жай алууга кезекте 50 миңден ашуун жаран катталган.

Бишкек – 27 048 жаран;

Ош шаары – 3 102 жаран;

Чүй облусунда – 9 294 жаран;

Талас облусу – 823 жаран;

Ош облусу – 1 634 жаран;

Нарын облусу – 1 384 жаран;

Ысык-Көл облусу – 2 743 жаран;

Жалал-Абад облусу – 4 610 жаран;

Баткен облусу – 1 672 жаран;

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүүдө.

Связанный пост