Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору иштен алынды

 Жалал-Абадда бир катар мектеп директорлору иштен алынды

Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу максатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча бир катар мектеп жетекчилерине карата чара көрүлгөн.

Төмөнкү мектептердин директорлору пара алуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына байланыштуу кызматынан бошотулган:

  • Токтогул районундагы №4 Н.Бримкулов атындагы орто мектептин директору Ш.Б.Ж.
  • Сузак районундагы №2 Ч.Айтматов атындагы орто мектептин директору Ю.Г.Р.
  • Сузак районундагы №65 А.Юнусов атындагы орто мектептин директору А.Н.З.

Белгиленгендей, бул жетекчилер мугалимдерден «мектептин муктаждыгы үчүн» деген негиз менен мажбурлап акча талап кылып, ошондой эле ишке орношуу үчүн системалуу түрдө пара алып келишкен. Мындан тышкары, Россия Федерациясында эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүү фактылары да аныкталган.

Ошондой эле Сузак районундагы №94 орто мектептин директору Н.Г.Р. жана №4 орто мектептин директору Ш.Г.Т. мыйзамсыз опузалоо жана коррупциялык схемаларга тиешеси бар экени үчүн кызматынан бошотулган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө №2 мектептин директору Ю.Г.Р.УКМКнын кызматкерине 500 миң сом өлчөмүндө пара сунуштап, мыйзам бузууларды жашырууга аракет кылган.

“УКМК билим берүү тармагындагы мыйзамсыз аракеттерди, пара талап кылуу жана башка көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында билим берүү мекемелеринде системалуу текшерүүлөрдү улантууда”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост