Жалал-Абадда бала бакчадан өрт чыкты – 32 наристе эвакуацияланды

 Жалал-Абадда бала бакчадан өрт чыкты – 32 наристе эвакуацияланды

Жалал-Абадда бала бакчадан өрт чыгып наристелер эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарында жайгашкан А.Навои көчөсүндө жеке менчик балдар бакчасынын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 11:48де ыкчам нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.

Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Связанный пост