Жалал-Абадда 1,5 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды
«Жалал-Абад» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталды.
Бажы кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз ташылып келинген 5 тоннадан ашык жүк, анын ичинде автоунаа тетиктери, курулуш материалдары, химиялык заттар, азык-түлүк жана чарбалык товарлар табылган.
Жүктүн жалпы баасы 1 571 970 сомду түзсө, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 374 329 сомду түздү.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.