Жалал-Абадда үч эмдин ата-энесине 3 бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берилди

 Жалал-Абадда үч эмдин ата-энесине 3 бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берилди

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

 

Атайын кызматтан билдиришкендей, анда Иашиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан турак жайынан 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.

 

Бул үй бүлө өздөрунун жеке турак жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган.

 

Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз.

Связанный пост