Жалал-Абад: Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан маалымдашты.

Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып Жалал-Абад облусттук жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаев жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закировтун катышуусунда штабдык олтурум орун алып, Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып күйүүчү май менен камсыздалган.

Связанный пост