Жалал-Абад шаарында спорт интернаты ачылат

Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейдин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, спорт интерантына даярдалып жатат. Тагыраагы, имараттардын эшик-терезелери алмаштырылып, чатырларын алмаштыруу, суу жана саркынды суу тутумдарын жаңылоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мында спортчуларды даярдоого бүт шарттар каралып, жатакана, ашкана, окуу бөлмөлөрү, машыгуу залдары орун алат.

Спорт интернатынын курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен 117 млн. сом сарпталууда.

Курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, №1 кесиптик лицейдин 4,76 га жер тилкеси тагыраагы, спорт интернаты Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы токтому менен Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүлгөн. Ал эми №1 кесиптик лицейдин окуучулары жана мугалимдер жамааты №36 жана №75 кесиптик лицейлерге которулган.

Связанный пост