Жалал-Абад шаарында нан баалары туруктуу

Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 12-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын аймагындагы нан бышыруучу жайларда жана ири соода түйүндөрдө кеңейтилген мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарынын аймагындагы нан азыктарын (тандыр нан) бышыруучу жайларда жана соода түйүндөрүндө белгиленген максималдуу баадан ашык саткан учурлар аныкталган жок.

Нан бышыруучу ишкерлерге жана нан азыктарын сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте облустун башка район, шаарларында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

🛑 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) 2023-жылдын 5-октябрындагы №51 буйругун аткаруу максатында Кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 9-октябрындагы №58 буйругу менен Жалал-Абад облусунун аймагында 1- сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалары белгиленген.

Связанный пост