Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай курулат

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар мэрия тарабынан буздурула баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Буга чейин аталган мекеме тарабынан муниципалдык жердеги унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок, жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес.

Аталган жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, аталган жайда 277 гараж бар. Алардын ээлери гараждары муниципалдык жерде тургандыгы үчүн, ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.

Связанный пост