120 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Күн тартибинде 9 маселе коюлду, ага кошумча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси каралды.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинети 120 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бирине 10 литрден өсүмдүк майын бир жолку жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Министрлер Кабинети дагы бир чечим менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы символикасын бекитти.

Мындай чечим Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) желеги менен окшош болгондугунан улам кабыл алынды.

Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата Коргоо министринин маалыматы угулду.

Министр 9-майга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда жыйын-реквием жана салтка айланган “Өлбөс полк” акциясы пландалганын белгиледи.

Связанный пост