Жалал-Абад шаарында 1006 окуучу 11-классты аяктады

 Жалал-Абад шаарында 1006 окуучу 11-классты аяктады

Бүгүн, 25-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейиндеги бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Шаар башчысы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалап, аларды жогорку окуу жайларында татыктуу билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында 1006 окуучу 11-классты, 2947 окуучу 9-классты аяктап жатат. Алардын арасынан 5 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон.

Связанный пост