Жалал-Абад облусунун кышка карата даярдык чаралары талкууланды
Жалал-Абад облусунун 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарынын абалы тууралуу жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Мындан сыркары, район, шаар башчылары, күз-кышка даярдык боюнча облустук штабдын курамы, электр тармактар жана жылуулук ишканаларынын жетекчилери чакырылган. Ага катар Тогуз-Торо, Чаткал жана Токтогул райондорунун башчылары онлайн тартипте катышты.
Жыйында ар бир район, шаарлардын кышка карата даярдык аракеттери боюнча маалымат берилди.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине көмүр камдоо иштери 100 пайызга аткарылган. Ал эми калкка керектелүүчү 201,4 миң тонна көмүр-отундун 74,6 пайызы камдалган. Учурда облустун аймагында 183 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.
Бакыт Төрөбаев көмүр камдоо боюнча пайыздык көрсөткүчү төмөн район, шаар башчылары жана жылуулук ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары, отканалардын жана электр чордондорун кышка карата даярдыктарын сурап, белгиленген тарифти сакталышын көзөмөлгө алууну тапшырды.