Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында дрондор шоусу өттү
Таласта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чаралардын алкагында масштабдуу дрондор шоусу өттү.
Шаар асманында ондогон дрондор ар кандай жарык композицияларын түзүп, Таластын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программанын ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Дрон-шоу майрамдык кечтин эң шаңдуу учурларынын бири болду.