Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү
Облус аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен облус аймагындагы суу сактагычтарда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан 2024-жыл ичинде балык запастары боюнча 12 жарандан 41203 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн. Мындан сырткары 47 жеке жана юридикалык жактардан 104500 сом айып пул алынган. Ушул жылдын 20-январына чейин Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп, жокко чыгарылды. Ошондой эле үч жаранга айып пул салынды.
Бул аракет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмесин бекитүү жөнүндө”, “Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун ишке ашыруу максатында колго алынууда. Текшерүү иштери дагы да улантылат.