Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди

 Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнин пресс-борбору маалымдады.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-июнь күнү саат 03:11де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө облусутун Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

Связанный пост