Кыргызстанда пенсия көтөрүлгөндөн кийин орточо 9 миң 354 сомду түзөт

 Кыргызстанда пенсия көтөрүлгөндөн кийин орточо 9 миң 354 сомду түзөт

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү көтөрүлгөндөн кийин 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Ага 3,9 миллиард сом каралды. Көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1692 сомго жогорулайт. Ал эми, так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот”, – деди ал.

Алиев белгилегендей, пенсияны көбөйтүүдө бул жылдын соңку 3 айына Социалдык фонддун эсебинен кошумча 3,9 миллиард сом бөлүнсө, бул сумма 2024-жылга карата кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт.

“Эң башкысы республикалык бюджеттин каражаттары пенсияны көбөйтүүгө жумшалбай, Социалдык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен көбөйтүлөт”, – деди Алиев.

Связанный пост