Жалал-Абад облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Жалал-Абад облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост